• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

13-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

12 Жетинин айы 2018 16:51 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.11.2018.Govori.TV.
“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, Кыргызстанда 11-ноябрдан 13-ноябрга чейин туруксуз аба ырайы сакталат. 13-ноябрда Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаап турат. Көпчүлүк аймактарда кар калың жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5,
Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5,
Баткенде, Ошто жана Жалал-Абадда облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…5,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…-5,
Нарында түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6 градус болот.
Бишкек шаарында 13-ноябрда түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз -2…-4 градус суук болот.
Количество просмотров: 29