• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

13-ноябрда күтүлгөн аба ырайы

12 Жетинин айы 202416:51 Бишкек Govori.TV

13-ноябрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чаачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 1…6;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт, абанын температурасы 1…3°, күндүз 2…4° жылуу болот.

Количество просмотров: 545