17–18-июль күндөрү саат 19:00дө борбор калаанын Ала-Тоо аянтында ачык асман алдында жайкы музыкалык кечелер уюштурулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору үчүн ыр-бий, жандуу аткаруулар жана жагымдуу эс алууга ылайыкташтырылган кызыктуу концерттик программа даярдалган.
Иш-чаранын негизги максаты — борбор калаанын маданий жашоосун жандандыруу, чыгармачыл өнөрдү колдоо жана шаардыктар менен конокторго үй-бүлөсү, жакындары жана достору менен мазмундуу эс алуу үчүн жагымдуу мүмкүнчүлүк түзүү.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун жайкы музыкалык кечелерге катышууга чакырат.