Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештериндеги кайра шайлоодо саат 14:00гө карата 105 миң 362 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Айбек Стамов билдирди.
Алар жалпы шайлоочулардын 17,06%ын түзөт. Үч шаарда шайлоочулардын тизмесине 617 миң 517 киши киргизилген. Бишкекте – 55 миң 515 (13,01%), Ош шаарында 40 миң 695 (26,65%) жана Токмокто 9 миң 152 (24,02%) шайлоочу добуш берген.
Эскерте кетсек, Бишкекте шайлоочулардын тизмесине 426 миң 699, Ош шаарында 152 миң 718 жана Токмокто 38 миң 100 киши киргизилген. Шайлоо 326 шайлоо тилкесинде жүрүүдө.