Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо 3 млн 686 миң 921 жаран добуш бере алат. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен 1 млн 766 миң 898и эркек, 1 млн 920 миң 23ү аялдар.
2021-жылдын 11-апрелиндеги Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумга жалпы добуш берүү менен салыштырганда, мында 80 миң 720 шайлоочу кошулган.
Эске салсак, Кыргызстанда шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, келерки парламенттик шайлоодо 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система менен, ал эми 54 депутат бирдиктүү шайлоо округундагы ачык тизме боюнча пропорционалдык система менен шайланат