• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

14 ак халатчан коронавируска кабылды

12 Баш оона 202011:39 Бишкек Govori.TV

12-августка карата өлкө боюнча 14 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

«Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Ош облусунда 3, Баткен облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 2 жана Ысык-Көл облусунда 2 медик ооруну жуктуруп алган»,-деп билдирди Акматова.

Ошол эле учурда бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары, үй карантининен 23 медициналык кызматкер айыгып чыккан.

Кошумчалай кетсек, жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 981 учур катталып, алардын ичинен 2 миң 242 медкызматкер айыкты.

Количество просмотров: 105