14-апрелде саат 9:00дөн 24:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик жана өндүрүш объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Суу өчүрүлө турган аймактар:
• Лев Толстой — Бакаев — Алтымышев — Жунусалиев — Гагарин — Боронбай — Жазыра — Муромская — Өмүр — Алыкулов — Ахунбаев — Кырк кыз — Көк-Жайык — Торугарт көчөлөрү;
• «Жумушчулар шаарчасы », Айыл чарба институту, «Ак-Ордо» (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы), «Теңир-Тоо» (Ахунбаев көчөсүнөн төмөн жайгашкан) турак жай массивдери.
Суунун өчүрүлүшү «Гагарин», «Түштүк-Батыш» суу алуу жайларында жана шаардык суу түтүк тармактарында реконструкция иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.
Бишкекводоканал келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, мекемелерди жана тургундарды алдын ала ичүүчү суу камдап алууга чакырат.