Эртең, 14-июлда түнкүсүн Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын күтүлөт, деп билдирди Кыргызгидромет.
Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Оштун өрөөн зонасында, Жалал-Абад, Баткен аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн +14…+19
күндүз +26…+31
Талас облусунда
түнкүсүн +10…+15
күндүз+26…+30
Баткен облусунда
түнкүсүн +15…+20
күндүз +26…+31
Ош, Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн +15…+20
күндүз +26…+31
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн +8…+13
күндүз +20…+25
Нарын облусунда
түнкүсүн +7…+12
күндүз +20…+25
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19 градус, күндүз +29…+31 градус болот.