• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

14-мартта күтүлгөн аба ырайы

13 Жалган куран 2022 17:48 Бишкек Govori.TV

14-мартта түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында, күндүз кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан, тоолордо кар жаайт. Түнкүсүн кээ бир жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14;

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;

Бийик тоолордо түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5 градус.

Бишкекте түнкүсүн маал-маалы менен жаан жаайт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 11…13 градус болот.

Количество просмотров: 234