• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

 14-ноябрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт

12 Жетинин айы 2018 9:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12.11.2018. Govori.TV
11-13-ноябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, кар, ал эми тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
12-13-ноябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында көпчүлүк аймактарында кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.
13-14-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт:
Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -0…-5°;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…-5°, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -3° +2°;
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5° суук;
Нарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суук болот.
Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосуна тосколдук жаралып,  электр зымдарга суу кар жабышышып үзүлүү коркунучуна алып келүүсү ыктымал.
Количество просмотров: 27