• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

14-январга карата аба ырайы

13 Үчтүн айы 202214:26 Бишкек Govori.TV

Эртең, 14-январда түнкүсүн Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, дыйканчылык аймактарында кар жаашы мүмкүн. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13;

Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11;

Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында ​түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10;

Бишкек шаарында түнкү төмөнкү температурасы 0…-2, күндүзгү жогорку температурасы +10…+12.

Количество просмотров: 592