• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

15-февралга карата аба ырайы

14 Бирдин айы 2022 14:18 Бишкек Govori.TV

Эртең, 15-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…-7;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 0…-5, күндүз -3…+2;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6 суук болот.

Бишкекте кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз -2…-4 градус болот.

Количество просмотров: 94