• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

15-майда күтүлгөн аба ырайы

14 Бугу 2022 16:59 Бишкек Govori.TV

15-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат. Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда нөшөрлөгөн жаан болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Нарында жана Ысык-Көлдө секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22,
Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21,
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26,
Нарын дубанында түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…+1, күндүз 2…7°.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 20…22 градус жылуу болот.

Количество просмотров: 187