• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

15 жыл дайынсыз жүргөн жубайларга убактылуу паспорт берилди

19 Тогуздун айы 2023 16:25 Бишкек Govori.TV

15 жыл дайынсыз жүргөн кыргызстандык жубайларга убактылуу паспорт берилди. Алар 19-октябрга караган түнү Кыргызстанга келгенин «Азаттык» жазды.

“Кыргызстандын Алматыдагы консулдугуна рахмат. Агам чек арадан өтүп келатып “Кыргызстан” деп кыйкырып, баарыбызды ыйлатты. Азыр жаныбызда. Эми апасы, бир туугандарынын жанында болот”,- деген алардын бир тууганыРыскелдиева.

Буга чейин “Азаттыкка” 15 жылдан бери дайынсыз болуп келген жубайлар Казакстандын Жамбыл облусунда табылганы тууралуу макала жарыяланган.

Анда алар казак айылдарынын биринде бирөөнүн малын багып, короо-жайын карап жүргөнү, үч жолу казак полициясына кайрылып жардам сураганынан майнап чыкпаганы айтылган.

Жакындары кыргыз бийлигине кайрылып, жубайлардын паспортторун калыбына келтирип, мекенине алып келүүгө жардам сурашкан.

Азыр Казакстандын аймагында расмий эсеп боюнча 35 миңден ашык кыргызстандык жашап, иштейт. Бейрасмий эсепте алда канча көп болушу ыктымал экени айтылып келет.

Теги:
Количество просмотров: 249