• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Башка адамдын паспортун соцтармакка уруксатсыз жарыялагандарды жазалоо сунушталды

14 Бугу 202611:57 Бишкек Govori.TV

Өкмөт башка адамдын жеке маалыматтарын мыйзамсыз колдонгон жана жарыялаган жарандарга айып салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Жогорку Кеңештин 14-майдагы отурумунда биринчи окууда каралып, Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттиктин директору Кутман Мамыров маалымат берип, жеке жактарга 7500 сом, юридикалык тараптарга 65 миң айып салуу каралып жатканын айтты.

“Эгерде бирөөнүн уруксаты жок эле паспортунун маалыматтарын идентификация жүргүзө тургандай кылып башка бирөөгө жөнөтсө мыйзам бузуу болуп эсептелет. Эгер жаран паспортун Инстаграмга өзү чыгарып жатса, ал жалпыга жеткиликтүү маалымат болот жана мыйзам бузуу болбойт”, — деди Мамыров.

Депутат Элвира Сурабалдиева бул маселени элге туура түшүндүрүү керектигин, анткени башка бирөөнүн документин таап алган жаран аны жакшы ниет менен социалдык тармактарга жарыялаганда жазага илинип калбашы зарыл экенин айтты.

Теги:
Количество просмотров: 121