Президент Садыр Жапаров «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.
Өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргызстандын жаранынын жалпы жарандык паспорту 16 жашка толгон жарандарга жеке өтүнүчүнүн негизинде таризделет. 16 жашка толо элек жаранга жалпы жарандык паспорт ата-энесинин биринин же мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчүнүн негизинде таризделет.
Өтүнүчтө 16 жашка толо элек жаран жөнүндө маалыматтар, ошондой эле ушул мыйзамга ылайык республикадан чыгып кетүү укугун чектеген жагдайлардын жоктугу көрсөтүлөт. Эгерде мындай жагдайлар болсо, соттун чечими талап кылынат.
16 жашка чыга элек балага жалпы жарандык паспорт төмөнкү мөөнөттөргө ылайык таризделет: бала төрөлгөндөн тартып бир жашка чыкканга чейин — эки жылдык мөөнөткө; бир жаштан 16 жашка чыкканга чейин — беш жылдык мөөнөткө. КРнын өлкөдө туруктуу жашаган жарандарына жалпы жарандык паспорт калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кайрылган жери боюнча, ал эми анын чегинен тышкары жашагандарга — республиканын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан берилет.
16 жашка чыга элек балага жалпы жарандык паспорт берүү дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер тарабынан эки ата-энесинин тең макулдугу менен жүргүзүлөт. Ата-энесинин биринин өтүнүчү жок болгон учурда, жалпы жарандык паспорт соттун чечиминин негизинде берилет.
КР жаранына дипломатиялык же кызматтык паспортту тариздөө тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын консулдук кызматы тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал режими же өзгөчө абал же согуштук абал киргизилген учурда Министрлер кабинети 16 жашка толо элек баланын жалпы жарандык паспортунун мөөнөтүн узартат, анын мөөнөтү өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал же согуштук абал режими учурунда аяктаган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет — 6-июнь.