17-ноябрда боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтө турган күндүн алдында 16-ноябрда анан 18-ноябрда шайлоо участкалары жайгашкан борбордогу айрым мектептер, бала бакчалар онлайн окуп, иштешет. Бул тууралуу Боршайком билдирди.
17-ноябрда шайлоо күнү Бишкекте жалпы 268 шайлоо участогу иштейт. Ал эми 16-18-ноябрь күндөрү шайлоо участоктору жайгашкан мектептер менен бала бакчаларда санитардык тазалоо иштери жүрөт.
Алсак, Биринчи май районунда 34 мектеп жана бала бакчада, Свердлов районунда 50 мектеп жана бала бакчада, Ленин районунда 63 мектеп жана бала бакчада, Октябрь районунда 36 мектеп жана бала бакчада шайлоолор өткөрүлөт.