• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бостериде аквапарктын түтүгү соруп кеткен 18 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

28 Теке 20218:58 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Золотые пески» пансионатында 18 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган пансионаттагы аквапарктын түтүкчөсү 18 жаштагы С.С. аттуу жигитти соруп кеткен.

Жерине куткаруучулар менен ИИМдин кызматкерлери жана эс алуучулар тартылып, түтүкчөнү кесип маркумдун жансыз денесин алып чыгышкан.


Количество просмотров: 3580