Бишкектеги No72 мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.
«Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси «Ден соолукка оор залал келтирүү» боюнча кылмыш иш козголгон. Тергөөнүн жүрүшү Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө», — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 14 жаштагы өспүрүм ооруканада каза болгону белгилүү болгон. Ата-энелер баланын өлүмү мектептеги токмоктоодон улам болгон деп эсептеп, милиция менен мектеп жетекчилиги сабалган фактыны жашырып, классташтарын да унчукпай, ызы-чуу салбоого мажбурлашкан.