• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

18-февралда күтүлгөн аба ырайы

17 Бирдин айы 2024 14:25 Бишкек Govori.TV

18-февралда күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунда жаан-чачын болбойт. Айрым жерлерде туман түшөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23, күндүз -4…-9,

Талас облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -5…-10,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7,

Нарын облусунда түнкүсүн -6…-21, күндүз -3…-8.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, туман түшүшү мүнкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -18…-20, күндүз -4…-6 градус.

Количество просмотров: 1342