• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

18-июлда күтүлгөн аба ырайы

17 Теке 2021 18:06 Бишкек Govori.TV

18-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Жалал-Абад облустарында күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Ош, Баткен облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;
Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;
Ысык-Көл облусунунда түнкүсүн 10…15, күндүз 18…23;
Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25 градус ысык болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 32…34 градуска чейин ысыйт.

Количество просмотров: 1506