Эртең, 18-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз 0…+5;
Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз -1…+4;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +1…+6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +2…+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6;
Бишкек шаарында түнкүсүн +3…+5, күндүз +3…+5 градус болот.