• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

186 медик Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

10 Аяк оона 202017:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-сентябрда медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош, Чүй, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын 186 медицина кызматкери Ысык-Көлгө жөнөтүлдү.

Алардын арасында илдеттин очогунда иштеген дарыгерлер, мээрмандар, техникалык эмгек жамааттын өкүлдөрү жана ыкчам медициналык жардам көрсөтүү кызматкерлери бар. Медиктер «Эне Сай» пансионатында ден соолуктарын калыбына келтиришет.

Количество просмотров: 93