• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Шайлоо участкаларында 6 миңге жакын медкызматкер иштеп жатат

4 Тогуздун айы 2020 9:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан боюнча шайлоо участокторунда 5700 медицина кызматкери иштеп жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, медкызматкерлер жарандардын ден соолугуна байланыштуу маселелерди көзөмөлдөп турат.

«Шайлоо участкалары санитайзер, беткап, колкап, тийиштүү дары-дармек менен камсыз болгон. Эгер шайлоочулардын дене табы көтөрүлүп, же дагы башка чукул жагдай болсо, алардын добуш берүүсүнө өзүнчө шарт түзүлөт. Дене табын өлчөп, беткап, колкап кийгизип, социалдык аралыкты сактоону талап кылып жатабыз», — деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 57