• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

4 медкызматкер таажы илдетин жуктурду

12 Жетинин айы 202010:41 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда – 1, Бишкек шаарында – 2,
Жалал-Абад облусунда – 1 медкызматкер илдет жуктурган. Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 6 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3662 учур катталды, алардын ичинен 3464медкызматкер сакайды.

Количество просмотров: 62