Эртең, 19-мартта түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз -2…+3;
Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз -1…+4;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +0…+5, күндүз +1…+6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5;
Бишкек шаарында түнкүсүн -1…+3, күндүз +1…+3 градус болот.