• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

19-январдын аба ырайы

18 Үчтүн айы 202214:40 Бишкек Govori.TV

Эртең, 19-январда түнкүсүн жана күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Жолдордо муз тоңот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…+5;

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3;

Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында ​түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -3…-8;

Бишкек шаарында түнкүсүн -1…-3, күндүз +3…+5.

Количество просмотров: 180