• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

2-февралда парламент жыйынга чогулат

29 Үчтүн айы 2022 17:54 Бишкек Govori.TV

2-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. “2019-жылдын 19-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин тамеки продукциясына акциз тармагында салык саясатын жүргүзүүнүн принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууга киргизилет;

2. “2017-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын -өкмөтү менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен королдугунун өкмөтүнүн ортосундагы Кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө кош салык салууну болтурбоо жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизилет;

3. “2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизилет;

4. “Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет;

5. “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамына Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

6. “Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Экономикадагы өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамын четке кагуу тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

Количество просмотров: 101