• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

2 мамалагын ээрчиткен аюунун видеосу тарады

2 Кулжа 202516:46 Бишкек Govori.TV

«Хан-Теңири» мамлекеттик жаратылыш паркында эки мамалагын ээрчиткен сейрек кездешүүчү ургаачы аюу видеого тартылып алынган.

Жаратылыш ресурстар министрлигинин маалыматы боюнча, «Хан-Теңири» жаратылыш паркында жапайы жаныбарлардын, анын ичинде Кызыл китепке кирген Тянь-Шань күрөң аюунун сейрек кездешүүчү түрү көбөйгөн.

2024-жылдын статистикасы боюнча жаратылыш паркта жаныбардын 14 түрү бар, бирок эксперттер мындан да көп болушу мүмкүн экенин жокко чыгарышпайт.

Количество просмотров: 192