Кара-Кулжа районунда короодогу 67 баш койго эки аюу кол салды. Бул тууралуу Кара-Кулжа райондук жайыт комитетинен Turmush сайтына билдиришти.
Маалым болгондой, 22-июлда Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл аймагындагы Октябрь айылына караштуу Беш-Терек жайлоосунда койчу Куштарбек Сабиржан уулунун короосуна 2 аюу кирип, 67 баш койду чайнап өлтүргөн.
Койчу койлорун жеп жаткан аюуларды көрүп, коркконунан качып жөнөгөн. Ал жолдон чалынып кетип, колун сындырып алган жана эс-учун жоготкон.