Кыргызстанда 20-июнга карата дагы 20 адам коронавирус оорусунан дарылангандан кийин ооруканадан чыкты. Бүгүнкү күнгө карата өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат берип жатат.
Жаңы айыккан бейтаптар:
Бишкек шаарында 3 адам;
Чүй облусунда 11 адам;
Ош шаарында 1 адам;
Нарын облусунда 5 адам.
Муну менен өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 1981 адамга жетти.