Эртең, 20-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;
Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 16…21;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 15…20.
Бишкекте түнкүсүн 14…16, күндүз 26…28 градус болот.