• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

20 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен прокуратура кызматкери кармалды

27 Кулжа 2023 11:42 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун прокуратурасынын башкы адиси А.У.А. пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда 20 000 АКШ долларын алып жаткан жеринен Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн башкы адиси А.У.А. кармалган. Ал арыз ээсине карата жүргүзүлгөн текшерүүнүн материалдарынын негизинде кылмыш ишин козгобоо үчүн 50 000 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап акча талап кылган.

Кармалган кызматкер тергөө аяктаганга чейин КР УКМКнын тергөө абагына камалды.

Количество просмотров: 188