Кызды жер төлөгө алып кетти делген эркек убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Бишкектин Ленин РИИБнен билдирди.
Маалым болгондой, райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына С. Н.арыз менен кайрылган. Ал 10-июнда саат 20:00 чамасында Куйручук көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнө 2019-жылы туулган жашы жете элек кызын алып келген белгисиз адамга чара көрүүнү суранган.
Шектүү 1972 — жылы туулган Б.А. кармалып, камакка алынган.
Белгилей кетсек, кармалган жаран уурулукка тиешеси бар деп шектелүүдө.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат