• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдө пара талап кылууга шектелип энергетик кармалды

9 Бирдин айы 202611:02 Бишкек Govori.TV

Ак-Суу РЭТинин кызматкери пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан Ысык-Көл облусунун энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү токтотуу максатында пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ак-Суу райондук электр тармактарынын эсептөө инженери К.М.А. кармалды.

Тактап айтканда, К.М.А. электр эсептегичинде пломба жок болгондугу үчүн айып пулдун суммасын азайтуу максатында Ак-Суу районунда туризм кызматын көрсөткөн ишкерлерден накталай акча түрүндө пара талап кылгандыгы аныкталган.

Чогултулган далилдердин негизинде К.М.А. Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды.

Тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 136