• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

20-январга карата аба ырайы

19 Үчтүн айы 2022 16:03 Бишкек Govori.TV

Эртең, 20-январда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…1;

Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз -4…1

Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунда ​түнкүсүн 0…-5 күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…2;

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -5…-10;

Бишкекте түнкүсүн -1…-3, күндүз -1…1 градус жылуу болот.

Количество просмотров: 117