• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

200 сом төлөп, унааны өзүңө каттатып ал!

2 Чын куран 2018 8:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 02.04. 2018. Govori.TV

Өкмөттүн токтомуна ылайык, унааларды кайра каттоону жеңилдетүү боюнча үч айлык акция бүгүн, 2-апрелде башталат. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынан билидиришти.

Анда белгилүү болгондой, акция “Акылдуу шаар” долбоорунун алкагында орун алып, авто транспорттук каражаттарды өз ээлерине каттоону ылдамдатуу  үчүн жасалууда.

Транспорт каражаттарын жеңилдетилген баа менен кайра каттоо тууралуу токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койгон. Ага ылайык, 2-апрелде баштала турган өнөктүк 2-июлга чейин уланат.

“Бүгүнтөн тарта үч ай аралыгына автоунаа сатып алып, бирок ишеним кат менен айдап жүргөндөр 200 сом төлөп, транспорт каражатын өзүнө каттап алса болот. Ошондой эле унаасын сатып, бирок, ишнеим кат берип койгондор да унаасын өзүнүнү каттоосунан чыгартуу үчүн жакшы шарт. Акция аяктагандан кийин, “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашканда, эреже бузган унаалардын айдоочуларына салынган айып пулдар мурдагы ээлеринин дарегине барып калуусу мүмкүн”, -дейт Мамкаттоонун маалымат катчысы Мелис Эржигитов.

Эске сала кетсек, буга чейин унааларды кайра каттоо 2000 сомдон жогору болчу…

Количество просмотров: 47