• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Кыргызнефтегаздын” акциясынын баасы төмөндөтүлүп сатылганы аныкталды

20 Аяк оона 202410:19 Бишкек Govori.TV

«Кыргызнефтегаз» ААКсынын мурдагы жетекчилиги тарабынан төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатылып алынган акцияларынын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан ыкчам жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында «Кыргызнефтегаз» ААКнын мурдагы жетекчиси Б.Р.А. аталган ишкананын 383 590 даана акциясын төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатып алгандыгы аныкталган.

2019-жылы Б.Р.А. «Кыргызнефтегаз» ААК башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалап, бул ишкананын активдерин жана мүлктөрүн орусиялык «Газпром» ААКсына сатуу боюнча мамлекеттик программаны шылтоолоп, миноритардык акционерлерден баалуу кагаздарды сатып алуу иштерин уюштурган. Кийинчерээк өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, компаниянын аталган акцияларын төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатып алып, өзүнө тиешелүү жактарга каттаткан.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Б.Р.А. өз ыктыяры менен “Кыргызнефтегаз” ААКнын өзүнө тиешелүү жактарга таризделген жалпы суммасы 65 615 400 сомду түзгөн акцияларын мамлекетке өткөрүп берди.

Количество просмотров: 428