Бүгүн,12-февралда «2021-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Иликтөөчү журналисттер фонду жарыялаган конкурстун жыйынтыгында 1-орун «МедиаХабдын” журналисттери Али Токтакунов, Мээрим Айныкеева, Арген Бактыбек уулу биргелешип даярдаган «Калкты карызга батырган финансы махинациялары: «Сомо», «Акчамат», «Финико» аттуу иликтөөлөргө берилди.
2-орун иликтөөчү журналист Мээрим Сырдыбаеванын “МедиаХаб” коомдук фонду менен чогу даярдаган «Өлүм менен өмүрдөн акча жасагандар» аттуу иликтөөсүнө берилди.
3-орунду «Азаттыктын» журналисти Айбек Бийбосуновдун «Жолдон жоголгон 934 миллион» аттуу иликтөөсү алды.
Бул сыйлык 4-ирет тапшырылып жатат. Сынакка жалпы 80 эмгек келип түшкөн.
Сыйлыкты тапшыруу аземи Бишкекте, Уланбек Эгизбаевди эскерүү форумунун алкагында өттү.