• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

2023-жылдагы ажылык сапардын баасы 3900 доллар болду

12 Чын куран 2023 10:33 Бишкек Govori.TV

2023-жылдагы ажылык сапардын баасы 3900 доллар болду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлайт.

Төлөмдөрдү кабыл алуу 12-апрелден башталат.

«Ажыга барууга 1000 долларын төлөп мүмкүнчүлүк алган ар бир талапкер ушул жылдын 17-апрелине чейин РСК банктын иштөө убактысы бүткөнгө чейин калган 2900 долларын төлөөсү керек», — деп айтылат билдирүүдө.

Көрсөтүлгөн баалар Аалымдар кеңеши, Борбордук текшерүү комиссиясы, муфтият кызматкерлери жана ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабынын мүчөлөрү тарабынан иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, быйылкы ажылык сапарына Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлүнгөн.

Количество просмотров: 199