Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлери менен болгон кеңейтилген аппараттык жыйында билдирди.
Төраганын айтымында, жакырчылык менен күрөшүү боюнча активдүү иштер жүрүп, акыркы 3 жылда 13 миңге жакын үй-бүлө социалдык келишим менен камсыз болгон. Келе жаткан жылы бул көрсөткүчтү 23 миңге көбөйтүү пландалууда.
Эске салсак, “Социалдык келишим” долбоору президенттин демилгеси менен ишке ашып, 2 жыл ичинде социалдык келишимдин алкагында 17359 жаңы жумуш орундары түзүлгөн. 12800 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөгө 100 000 сомдон берилген.