Жыл жаңырар алдында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Сапат” билим берүү мекемелер тармагын “Маариф” фондунун башкаруусуна өткөрүү чечимин билдирген.
«Маариф Фонду Кыргызстандагы беш жылдык ишинин ичинде улуттук да, эл аралык да талаптарга жооп берген билим берүү стандарттарынын сапатынын эң жогорку деңгээлин көрсөттү. “Сапат” тармагын башкарууну өткөрүп берүү студенттердин жана алардын ата-энелеринин кызыкчылыктарына жооп берип, алардын билим алуу шарттарын жана ар тараптуу өнүгүү перспективаларын бир топ жакшыртаарына ишенебиз. Жаңы башкарууга өтүү процесси мыйзам чегинде, эмгек жамааттарынын укуктарын коргоо жана окуу процессинин үзгүлтүксүздүгүн кепилдөө менен так жүргүзүлүшү маанилүү”, — деп баса белгиледи Эдил Байсалов.
Түркиянын Маариф Фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы Түркиянын Билим берүү министрлигинин алдында түзүлгөн мамлекеттик уюм. Анын максаты — бала бакчалардан университеттерге чейин чет өлкөдөгү билим берүү мекемелерин башкаруу, ошондой эле Анадолунун жалпы баалуулуктарына жана салттарына негизделген маданий алмашууну жана сапаттуу билим берүүнү жайылтуу.
Кыргызстанда 2021-жылы аталган фонддун биринчи мектеби Бишкекте ачылган, ал 11 миң чарчы метр аянтты ээлеген кампуста жайгашкан жана 61 класска эсептелген. Бул мектепте билим берүү кыргыз, түрк жана орус тилдеринде англис тилин үйрөнүү менен Кыргызстандын жана Түркиянын мамлекеттик стандарттарына ылайык жүргүзүлөт. Табигый илимдерге, гуманитардык илимдерге, жаңы технологияларга жана маданиятка өзгөчө көңүл бурулат.