«Ынтымак Ордодо» Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын өкмөт башчысы Олжас Бектенов менен жолукту. Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 12-жыйынынын алкагында тар чөйрөдө жыйын өттү.
МинКаб башчысы «Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров Казакстан менен достук жана жакшы коңшулук мамилелерди чыңдоого өзгөчө маани берет. Президентибиздин үстүбүздөгү жылдын апрель айында Казакстан Республикасына жасаган расмий сапары тарыхый мүнөзгө ээ болуп, кыргыз-казак мамилелеринде жаңы доорду ачты. Быйыл кол коюлган союздаштык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча келишим кыргыз-казак кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эки элдин кылымдардан бери келе жаткан бир туугандык байланыштарын чыңдоого салым кошот деп ишенем», — деди.
Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 981,1 миллион долларды түзгөнүн айтып сөзүн уланткан Акылбек Жапаров, жыл аягына чейин бул көрсөткүч былтыркыдан жогору болоорун кошумчалады.
Казакстандын өкмөт башчысы Олжас Бектенов казак тараптын эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө жана бекемдөөгө жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга умтулуусун ырастады.
«Быйыл Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы союздаштык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимге кол коюунун натыйжасында биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Биз достуктун, бир туугандыктын жана жакшы коңшулаштыктын негизинде курулган мамилелерибизди жогору баалайбыз. Казакстандын өкмөтү казак-кыргыз кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт», — деп белгиледи Олжас Бектенов.