• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

2025-жылы Кыргызстанга Өзбекстандан канча турист келген?

4 Баш оона 202518:55 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанга туристтик максатта Өзбекстандын 1,5 миллион жараны келди. Бул маалыматты Өзбекстан Республикасынын Улуттук статистика комитети берди.

Жалпысынан өлкөдөн туристтик максатта 3,5 миллион өзбекстандык чыгып кеткен (бул 2024-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 29,7% көп). Негизги багыт Кыргызстан болду.

Ошондой эле өзбекстандыктар Казакстанга — 664,6 миң адам жана Тажикстанга — 641,6 миң адам көп барышкан. Ал эми үстүбүздөгү жылдын алгачкы алты айында Россияга туристтик максатта 230,4 миң Өзбекстандын жараны барган.

Количество просмотров: 146