• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жээнбеков Циндао шаарында Шанхай кызматташтык уюмун саммитине катышты

10 Кулжа 2018 9:32 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.06.2018.Govori.TV.
Кытайдын Циндао шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин кезектеги саммити башталды.
Алгачкы жолу саммит “сегиздик” форматында өтүп, ага уюмга кирген Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистандын президенттери жана Индиянын премьер-министри катышууда. Пакистан менен Индия 2017-жылы уюмдун толук кандуу мүчөсү болуп кирген. Байкоочу мамлекеттер — Монголия, Беларус, Ооганстан жана Ирандын лидерлери, уюмдун диалог боюнча өнөктөш өлкөлөрүнүн расмий өкүлдөрү катышууда.
Саммиттин башталышында Кытайдын төрагасы Ци Цзинпин сөз сүйлөп, мүчө өлкөлөрдүн саны кеңейип, уюмдун жоопкерчилиги барган сайын күчөп баратканын билдирди.
Уюмдун мүчөлөрү алгач 1+1 форматында, чакан, андан кийин кеңири чөйрөдө жыйын өткөрөт. Жыйындын негизги, саясий документи ШКУнун Циндао декларациясы болмокчу. Бул документте уюмду жакынкы жылдарда өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу жоболору жазылган. Мындан сырткары ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында уюмдун мындан аркы өнүгүүсүнө тиешеси бар бир катар чечимдерди талкуулап, кабыл алуу, саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү, коопсуздук жана тышкы байланыш жаатындагы документтерди бекитүү мерчемделген.

Азаттык

Количество просмотров: 28