Эртең, 23-ноябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +11…+16;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +12…+17;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +8…+8;
Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз +2…+7;
Бишкекте түнкүсүн -1…+1, күндүз +14…+16 градус жылуу.