• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

238 миң адам коронавируска каршы бустердик эмдөөдөн өттү

11 Теке 2022 13:00 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө 238 миң адам коронавируска каршы бустердик эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан 11-июлда кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагында коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1 миллион 571 миңден ашык, экинчи дозасын 1 миллион 340 миңден ашык адам алган.

Ал эми үчүнчү ирет же бустердик эмдөөдөн ушул убакытка чейин 238 186 адам өткөн.

Штаб жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырууда.

Количество просмотров: 137