24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү иштери уланууда. Жактоочу Нурбек Сыдыковдун айтымында маалымат каражаты чакырган жактоочулар киргизилген эмес.
Маалыматка ылайык, 24.kg сайтынын кеңсесине саат 11лер чамасында УКМК кызматкерлери келип, тинтүү иштерин баштаган.
Ал эми учурда адвокаттардын бирөө гана ангеттиктин кеңсесине киргизилген.
Атайы кызмат бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.