• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

24.kg сайтынын кызматкерлери сурактан чыкты

15 Үчтүн айы 202420:11 Бишкек Govori.TV

24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева жана сайттын редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарь Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыгышты. Алар Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси менен козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралганын, маалыматтарды ачыкка чыгарбоо катына кол коюп бергенин айтышты.

Атайын кызмат 15-январда 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Кылмыш иштин алкагында кеңседеги компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдар алынганын кабарланды.

Количество просмотров: 22