24-мартта Бишкектин айрым жерлеринде суу убактылуу өчөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул күнү саат 09:00дөн 24:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, социалдык жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү суу берүү токтойт.
Өчүрүү аймагы Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсү, Бельская көчөсү, Ала-Арча суусу, Жибек Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары, ЧЧК, Саадаев көчөсү, ошондой эле Красный Строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын Бешик, Салам-Алик конуштары менен чектешет.
Суу “Северный” суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.